
Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде Жунусов көчөсүн кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөдөгү жолго тоскоолдук жараткан курулуштар, мыйзамсыз дүкөндөр алынып жатат.
"Ага улай суу түтүктөрү жаңыланып, ирригациялык лотоктор орнотулууда. Алдыда кеңейтилген жолго асфальт төшөө жумуштары аткарылат",- деп айтылат маалыматта.