Жети-Өгүздө бир апта ичинде рейддик-профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында көлдөн 3 даана эски кайык жана жалпы узундугу 600 метрди түзгөн эски балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул иштер Ысык-Көл ОИИБинин Туристтик-экология кызматы жана Жети-Өгүз РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын максаты — суу алдындагы кооптуулуктардын алдын алуу, экологиялык зыянды азайтуу, балык ресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун кесепеттерин жоюу болуп саналат.