Биз социалдык тармакта

Лионель Месси "Интер Майами" клубу менен келишимин узартты

Аргентиналык футболчу Лионель Месси "Интер Майами" футболдук клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, жаңы келишим 2028-жылдын аягына чейин түзүлгөн.

"Мен бул жерде калып, бул долбоордун үстүндө иштөөнү улантып жатканыма абдан кубанычтамын. Себеби бул долбоор менин кыялым эле, эми ал чындыкка айланып, Miami Freedom Park стадионунда ойной алам", - деген Месси.

Белгилей кетсек, футболчу менен клубдун учурдагы келишими 2025-жылдын 31-декабрында аяктайт. Месси "Интер Майамиде" 2023-жылдын жайынан бери ойноп келет. Клуб үчүн 69 оюнда 58 гол киргизип, 28 голдук пас берген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан