Биз социалдык тармакта

Бишкек милициясы блогерлерге кайрылды 

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы блогерлерге, видеомейкерлерге жана социалдык тармактарда контент жаратуучуларга кайрылып, өлкө мыйзамдарын сактоону эскертти.

Милициядан билдиргендей, акыркы убакта коомдук тартипти бузган, жарандардын коопсуздугуна коркунуч туудурган жана алардын укуктарын бузган пранктар, түз эфирлер жана сахналаштырылган видеолор көбөйдү.

"Контент жайылтууда мыйзамды бузбоо керек. Эгер мыйзам бузуу аныкталса, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Бардык блогерлерди, стримерлерди жана контент жаратуучуларды коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын урматтап, жоопкерчиликтүү болууга чакырабыз", - дешти шаардык милициядан.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан