Москва шаарындагы «Прокшино» турак жай комплексинин аймагында мигранттар арасында массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу "База" телеграм каналы жарыялады.
Маалыматка ылайык, мигранттар анда күрөк жана жол белгилерин колдонушкан. Мушташ учурунда токтоп турган бир нече унаа талкаланган.
Окуя болгон жерге Москванын полициясы тартылып, мушташтан качып кеткен катышуучуларды издөөдө.
Акыркы маалыматтарга ылайык, полиция шектүү 11 жаранды кармады.