Бишкек шаарында автобус жолго кулап кеткен кишини тебелеп кетти. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, кырсык Жибек Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 25-октябрда болжол менен саат 20:40та болгон.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, эркек киши жолго кулап түшкөндө автобус арткы дөңгөлөгү менен тебелеп кеткен. Киши окуя болгон жерде каза болгону айтылууда.