27-октябрда Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:
- Ч. Айтматов проспектиси – Айни көчөсү – Водопроводная – Сухомлинов – Целинная – Политехническая – Таш-Көмүр көчөлөрү;
- Эски аэропорт аймагы жана Ак-Кеме мейманканасы.
Суу өчүрүү диаметри 300 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы жарандардан түшүнүү менен кабыл алууну суранып, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.