АКШнын президенти Дональд Трамп палестиналык ХАМАС кыймылын барымтадагылардын сөөктөрүн Израилге өткөрүп берүүнү тез арада кайра баштоого чакырды.
"ХАМАС эки америкалыкты кошо алганда каза болгон барымтадагылардын сөөктөрүн тез арада кайтарып бере башташы керек болот, болбосо бул тынчтык процессине катышкан башка өлкөлөр чара көрөт...
Келгиле, алар кийинки 48 сааттын ичинде эмне кыларын көрөлү. Мен муну абдан кылдаттык менен байкап турам", - деп жазган ал The Truth Social социалдык тармактагы баракчасына.
ХАМАС 28 сөөктүн 15ин кайтарып бергени айтылууда.