Германияда өлкөнүн бир кездеги эң кубаттуу атомдук электр станциясы жардырылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Бавариядагы Гундремминген атомдук электр станциясынын 160 метрлик эки мунарасы жок кылынган.
Бул өлкөдө ядролук доордун аякташын билдирет. Анткени Германия атомдук энергетикадан толугу менен баш тартып, бардык атомдук электр станцияларын жапкан.