АКШнын президенти Дональд Трамп Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани жана Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдел Рахман Аль Тани менен Air Force One учагында жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамптын учагы Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын саммитине катышуу үчүн Малайзияга бара жатып, Дохага май куюу үчүн конгон. Катардын эмири жана премьер-министри АКШнын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Air Force One учагына отурушкан.
"Сизди бортто тосуп алганыбызга сыймыктанабыз. Биз сизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жакынкы Чыгыш азыр коопсуз, сиз бул коопсуздукту көпкө чейин сактайсыз деп үмүттөнөбүз", - деген америкалык лидер.