Бишкектеги соода борборлорунун биринин жанында мушташышкан 21 жана 22 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен прокотол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок райондук милиция окуя качан болгонун тактаган жок. Видеодон жигиттер түндө жаңжалдашып жатканын көрүүгө болот.