Биз социалдык тармакта

Австралиянын Рождество аралы кызыл крабдарга толду (видео)

Австралиянын Рождество аралында жыл сайын өтүүчү кызыл крабдардын миграциясы башталганын чет элдик басылмалар жазышты.

Бул өз кезегинде аймакты кооз жаратылыш кубулушуна айландырып, жергилктүүлөрдүн кызыгуусун күчөткөн. Анткен менен жол кыймылына тоскоолдуктарды жараткан. Аралдын тургундары эртең менен жана кечинде унаа колдонууну атайылап чектеп, крабдардын миграциясы үчүн жагымдуу шарттарды түзүшкөн. Көптөр алыстан иштөөгө өтүшүп, алардын унаалары крабдарга тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берүү үчүн тырмоо жана жалбырак үйлөгүч сыяктуу атайын жабдууларды алып жүрө башташкан.

Улуттук парктын директорунун милдетин аткаруучу Алексия Янковски миграция бул сезондо адаттагыдан бир аз эрте башталганын белгилеген.

Австралиянын Рождество аралы кызыл крабдарга толду
Австралиянын Рождество аралы кызыл крабдарга толду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан