Филиппинде Тааль жанар тоосу атылганы айтылууда.
Интернет желесине тараган видеодон атылуу учурунда жанар тоонун үстүндө асан-үсөн пайда болуп, укмуштуудай көрүнүштү жаратканын көрүүгө болот. Жанар тоонун атылуусунан түтүн чакырымга чейин көтөрүлгөн.
Жанар тоо жайгашкан аралга кирүү толугу менен жабылган.