Франциядагы Лувр музейин тоноого шектелген 2 адам кармалганын чет элдик басылмалар жазышты. Алар кечээ, 25-октябрда кечинде колго түшүшкөн.
Шектүүлөрдүн бири Париждин Руасси-Шарль де Голль аэропортунда Алжирге учууга аракет кылып жатканда кармалган. Экинчи шектүү Сен-Сен-Дени департаментинен табылган. Дагы эки шектүү азырынча табыла элек.
Эске салсак, 19-октябрда бир топ уурулар Лувр музейине кирип, зер буюмдарды уурдап кетишкен. Уурдоодон келтирилген жалпы чыгым 88 миллион еврого бааланууда. Бул иштин бетин ачууга 100дөн ашык тергөөчү катышып жатат.