Биз социалдык тармакта

Филиппиндеги Канлаон жанар тоосу жарылды

Филиппиндин Негрос аралындагы Канлаон жанар тоосу жарылды. Бул тууралуу Филиппиндин Вулканология жана сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жарылуу 3 мүнөткө созулуп, жанар тоодон болжол менен 2 чакырым бийиктикке чейин күл көтөрүлдү. Жанар тоо дагы деле эл арасында тынчсызданууну жана кооптонууну жараткан экинчи кооптуулук деңгээлинде экени жарыяланды.

Бийликтер жергиликтүү тургундарга эшик-терезелерин жабык кармоону, ошондой эле тешиктерди нымдуу сүлгү же чүпүрөк менен жабууну сунушташты. Белгилей кетсек, Филиппин Тынч океанда "От алкагы" деп аталган, жер титирөөлөр жана жанар тоо жарылуулары көп катталган жарака тилкесинде жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан