Бишкек шаарынын башкы архитекторунун биринчи орун басары Азирет Азимов "Биринчи радиого" берген маегинде борбор калаанын сунушталып жаткан башкы планында трамвай линиясын куруу каралганын билдирди.
Ал мурунку башкы планда коомдук транспорттун 5-6 түрү сунушталган болсо, жаңысында 2-3 түрү гана сунушталып жатканын айтты.
"Негизги транспорттордун бири катары трамвай сунушталып жатат. Биздин жаңы башкы планда биринчи этап менен 28 чарчы чакырым трамвай линиясы белгиленген. Шаарыбыздын кичи райондорунан эки линия келип, калаанын ортосундагы шакекчеге кошулат",- деди Азимов.