Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, бул рейддер 12-декабрга чейин уланат. Миграция мыйзамдарын бузган жарандарга айып пул салуу, депортациялоо жана өлкөгө кайра кирүүгө тыюу салуу чаралары каралган.