Биз социалдык тармакта

Япония жүк ташуучу учкучсуз космос кемесин учурду

Япония өлкөсү Эл аралык космостук станцияга жүк жеткирүүчү жаңы муундагы учкучсуз космостук аппаратты ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу Kyodo агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, "HTV-X" аттуу жүк ташуучу аппарат H3 ракетасы аркылуу Танегасима космостук борборунан көтөрүлдү.

Энергия системи менен жабдылган HTV-X учуу маалында төмөнкү температураны талап кылган каражаттарды да ташый алат. Космостук аппараттын 30-октябрда марага жетиши жана 6 ай бою станцияга туташып турушу күтүлүүдө.

Япониянын Космостук изилдөөлөр агенттигинин маалыматына ылайык, HTV-X мурунку "Kounotori" үлгүсүнө караганда 1,5 эсеге көбүрөөк, болжол менен 6 тонна жүк ташый алат. Аппарат миссиясын аяктагандан кийин дагы үч ай бою орбитада сыноо жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан