
20-октябрдан 26-октябрга чейин өлкөдө 24 270 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 2 117;
Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу - 399;
Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 227;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1 985;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 186;
Авто ээнбаштык - 43;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 649;
Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 13;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 12 651;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 513 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол тескөөчүлөр айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.