Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өзбекстандан Баткендин Кадамжай районуна аткезчилик жол менен киргизилген 6-7 тоннадай күрүч аныкталганын билдирди.
Атайын кызмат кыргыз жана өзбек жарандарынан турган топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана-Чоң-Кара-Кадамжай жолу менен ар кандай керектөө товарларын ташып жүрүшкөнүн белгиледи. Ал эми аталган товар алгач Өзбекстандан сатылып алынып, кийинчерээк Кадамжай районунун транзиттик аймагы аркылуу коңшу мамлекеттин Чоң-Кара анклавына жеткирилген.
Андан кийин товарлар аталган анклавдан чыгарылып, Ак-Турпак айыл аймагына түшүрүлгөн. Натыйжада товар Кыргызстандын аймагына сатылган. УКМК учурда бул ишке тиешеси бар делген М.Н. аттуу кыргызстандык тергөөдө экенин кошумчалады.