Швециялык актёр жана музыкант, "XX кылымдын эң сулуу баласы" деген атка конгон Бьорн Андресен 70 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 27-октябрда жазышты.
"Актёр Бьорн Андресен каза болду. Андресендин өлүмү тууралуу басылмага режиссёр Кристиан Петри билдирди",- деп жазган швециялык "Dagens Nyheter" гезити.
Маалыматта өлүмдүн себеби тууралуу айтылган эмес.
Бьорн Андресен 1955-жылы Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Ал 1970-жылы Рой Андерссондун "Махабат баяны" тасмасында дебют жасаган. Эл аралык атактуулукка 1971-жылы Томас Манндын ушул эле аталыштагы повестинин негизинде тартылган атактуу италиялык режиссёр Лучино Висконтинин "Венециядагы өлүм" тасмасында башкы ролду ойноо аркылуу жеткен.