Биз социалдык тармакта

Ошто муниципалдык унаа ишканасы оңдоодон өткөрүлдү

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаардык муниципалдык унаа ишканасынын оңдоо-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, иш-чарага шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеменин жамааты катышкан.
"Бул имарат курулгандан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Жыл башында Жеңишбек Токторбаев ишкананын абалы менен таанышып, быйылкы жылы оңдоп, кызматкерлерге шарт түзүүнү тапшырган. Ага ылайык ишкананын 3 кабаттан турган имаратынын фасады, бөлмөлөрү толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 1 500 чарчы метр болгон аянты асфальтталды.
Ошондой эле таза суу насостору жаңыланып, аймагы көрктөндүрүлдү. Белгилей кетсек, аталган мекемеде 360 кызматкер эмгектенет. Автобус, троллейбустардын жалпы саны 181. Бүгүнкү күндө ишкана 2 троллейбустук жана 9 автобустук каттамдарды тейлейт",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан