Бүгүн, 27-октябрда Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулун кабыл алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, аймактык деңгээлде эмгек мамилелерин жакшыртуу, жарандардын социалдык укуктарын коргоо, жана биргелешкен кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.