Талас. Жаш келин мурунку жолдошунун үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылды
2012-жылдын 30-октябрында Талас шаарынын 1985-жылкы тургуну Т.Ж. Талас ШИИБине арыз менен
кайрылган. Арызында 2012-жылдын 26-октябрь күнү саат 9:00 чамасында Талас
шаарындагы №1-орто мектептин жанынан өз ара чатакташуунун негизинде мурунку
жолдошу 1976-жылы туулган М.Мырзакматов сабап, денесине залал келтиргени
жазылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.