Нарын шаарында Баткен окуясынын 25 жылдыгына карата эскерүү митинги болуп өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясы билдирди.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана окуучулар катышты.
Баткен окуясын эскерүү иш-чарасына жергиликтүү бюджеттен 67 миң сом бөлүнүп ардагерлерге 1000 сомдон, ал эми курман болгон жоокерлердин үй бүлөлөрүнө 3000 сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Мындан сырткары, мекен чегин коргоп, кызмат өтөгөн ардагерлердин айрымдарына Ардак грамоталар тапшырылды.