Биз социалдык тармакта

Басмаканадан 2-класстар үчүн математика боюнча окуу-методикалык комплекстер кабыл алынды (фото)

Бүгүн, 27-октябрда агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан математика боюнча окуу-методикалык комплекстерди кабыл алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты.

Мекемеден маалымдашкандай, учурда 2-класстар үчүн табигый илимдер боюнча окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан