Финляндиянын түндүк-батышындагы Эхтяри шаарынын зоопаркы банкрот болгондугуна байланыштуу 1 еврого сатылды. Бул тууралуу Yle телерадиокомпаниясы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, келишимге зоопарктын жер жана имараттарын ижарага алуу укуктары, бакчадагы жана фермадагы жаныбарлар, жаныбарларга азык, байланыш каражаттары, унаалар жана жабдуулар, ошондой эле парк жана ферма аймагындагы транспорт каражаттары кирет.
Зоопаркты мурдагы жана учурдагы кызматкерлерден турган ассоциация сатып алган. Уюм зоопарктын ишин улантып, жаныбарларга кам көрүү боюнча милдеттенмелерин аткарууну пландап жатат.
Белгилүү болгондой, зоопарктын жетекчилиги октябрдын башында банкрот болгонун жарыялаган. Бул чечимдин себеби катары туристтердин агымынын азайышы көрсөтүлгөн.
Зоопарк 1973-жылы негизделген жана анын аянты 60 гектарды түзөт.