АКШнын президенти Дональд Трамп жана Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити маанилүү минералдар менен сейрек кездешүүчү элементтерди жеткирүүнү камсыздоого багытталган келишимге кол коюшту.
Бул тууралуу АКШнын Ак үйү түз эфир аркылуу билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп учурда Японияда үч күндүк расмий сапар менен жүрөт. Анын алкагында император Нарухито менен жолугушту.