Япония АКШга көз карандысыздык декларациясынын 250 жылдыгына карата 250 даана сакура гүлүн белек кылат. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда билдирген.
"Келерки жылы АКШ эгемендүүлүгүнүн 250 жылдыгын белгилейт. Япония өлкөсү дагы бул майрамды АКШ менен бирге майрамдайт. Майрамга карата биз Вашингтон шаарына 250 даана сакура гүлүн белек кылабыз",- деген премьер-министр.
Белгилей кетсек, Трамп учурда Японияда үч күндүк расмий сапар менен жүрөт. Анын алкагында император Нарухито менен жолугушту.