Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск Википедияга окшош жаңы портал "Grokipedia" долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, жаңы платформада 885 миңден ашуун макала жайгашкан. Портал жакында эле иштей баштаганына карабастан, айрым колдонуучулар сайттын ишинде кээ бир мүчүлүштүктөр бар экенин билдиришкен.
Илон Маск буга чейин, 30-сентябрда жасалма интеллектке негизделген маалымат булагын Grok платформасын түзөрүн жарыялаган.