Time журналы АКШнын президенти Дональд Трамптын сүрөтүн кайрадан алмаштырып, чыгарды.
Буга чейин Трамп аталган журналды сүрөтү үчүн сынга алган. Анда ал чачынын көрүнүшү жакпаганын белгилеген.
"Time журналы мен жөнүндө абдан жакшы макала жазыптыр. Бирок бул сүрөт эң жаманы болгон",- деп жазган болчу америкалык лидер Truth Social социалдык тармактагы баракчасында.