Эрдоган Түркиядагы жер титирөөдөн кийин билдирүү жасады 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн батышындагы катуу жер титирөөдөн кийин мамлекеттик органдар кырдаалды көзөмөлгө алганын билдирди. Бул тууралуу ал Х социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарыбызга көңүл айтам. Учурда Өзгөчө кырдаалдар кызматы келтирилген зыянды баалап, жабыркаган аймактардагы абалды көзөмөлдөп жатышат",- деген Эрдоган.

Маалымат каражаттары жер титирөөнүн очогу болгон Сындыргы шаарында бир нече имараттын кыйраганын кабарлоодо. Азырынча жабыркагандар тууралуу так маалымат жок.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-октябрда Түркиянын Сындыргы шаарында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан