Биз социалдык тармакта

Министр: "Келечекте Караколдон Балыкчыга кеме каттай баштайт"

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" берген маегинде Ысык-Көл облусу өнүгүп жаткандыктан электр энергиясына болгон талап жогорулай турганын билдирди.

"Мына, "Кумтөрдө" алтын кору дагы деле бар. Эми жер астынан каза башташты. Бул үчүн электр кубаты керек. Келечекте "Ала-Тоо Резорт" туристтик базасына 78 мегаватт керектелет. Каракол шаары туристтик аймакка айланат.

Ал жакка аба майданы да ачылды. Ысык-Көлдү айланта унаа жолу жасалып жатат. Жол жасаганга деле электр энергиясы керек да. Мен ойлойм, келечекте Караколдон Балыкчыга кеме каттамы да жүрүп калат",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан