Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт 

Эртең, 29-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган күнү саат 08:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы объекттерде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Сууну өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Достук конушу, ЖЭБ-2, Ынтымак көчөсү, Көк-Асаба көчөсү, Көк-Жайык көчөсү, Иса Ахунбаев көчөсү, Барпы Алыкулов көчөсү, Өмүр көчөсү, Муромская көчөсү, Селекционная көчөсү, Күнтуу унаа жолу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан