Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузду деген негиз менен бир катар жаранга айып пул салынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Facebook баракчасында шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жана талапкерлердин кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды тараткан деген жүйө менен интернет колдонуучу Бакмурат Токтогулов 19 миң 500 сом айыпка жыгылган. Андан тышкары, жарандык активист Айбек Теңизбайга, журналисттер Мирлан Дүйшөнбаев менен Нургазы Анаркуловго, депутаттыкка талапкерлер Карим Ханджеза менен Канат Хасановго 7500 сомдон айып пул салынган.