Чүйдүн Ысык-Ата районундагы жалпы аянты 226 гектар болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аталган жер тилкелери 1992-1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан иштетилип келгендиги аныкталганын белгиледи.
Ошондой эле айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчикке алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөнбөгөндүгү такталган.