Бүгүн, 28-октябрда Чүйдө Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жол тескөөчүлөрү тарабынан Кемин районундагы Орловка айылынан токтотулган. Анын мас абалда болгону аныкталып, унаасы айып короо жайына жеткирилген. Бирок айдоочу ал жактан унаасын айдап качып кетүүгө үлгүргөн.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна чыгып, кызматкерлерден качып баратып Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон. Ошондой эле жол тескөөчүлөрдүн бирин да сүзүп кетип, кызматкер жеңил жаракат алган.
Анын унаасы кайрадан айып короо жайына токтотулуп, айдоочу Кемин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилди. Учурда тергөө иштери уланууда.