Биз социалдык тармакта

Ош шаары менен Кашгар шаарынын ортосунда боордоштук тууралуу келишимге кол коюлду

Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарына Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районуна караштуу Кашгар шаарынан делегация келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Эки тараптуу жолугушуу мэрияда орун алып, Кашгар шаарынын мэри Вели Асим жетектеген делегацияны мэрдин биринчи орун басары Адилет Шаршеналы уулу баштаган тиешелүү өкүлдөр кабыл алды.
Жолугушууда тараптар жакындан таанышып, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Ошондой эле боордоштук тууралуу келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, эки шаардын жеке ишкерлери да жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан