Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абаддын Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган "Асман-Резиденс-4" көп кабаттуу турак-жай комплексинин батирлери өз ээлерине тапшырылды.
Бул иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты. Президент курулган турак-жайга "Европага барганда ушундайларды көрүп алып кызыгат элек, жасап койсо болот экен да" деп баасын берди.
Ташиев: "Мына, өзүбүз эле салып койдук, комплекс кылып. Айыл жергесине ушундай кылып куруп койдук" деди. Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев болсо, "Азербайжанга барганда көрүп суктандык элек, биз андан ашып кеттик го" деп баалады.
Андан соң мамлекет башчысына турак-жайдын курулушу боюнча маалымат берилди. Ташиев да өз кезегинде муну курууда кыйынчылыктар болгонун белгилеп өттү. Ошондой эле президенттин администрациясы жарыялаган видеодон Токторбаевдин өлкө башчысына "шеф" деп кайрылганын да угууга болот.