Маданият министрлиги тарабынан жарыяланган музейлердеги ачык эшиктер айы соңуна жакындап калды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, акция 30-октябрга чейин уланат. Ачык эшиктер айынын алкагында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт исткусство музейи ар кандай курактагы көрүүчүлөр үчүн атайын коомдук программаны сунуштайт. Программага экскурсиялар жана мастер-класстар кирет.
Музейди өз алдынча көрүү жана иш-чараларга катышуу акысыз жүргүзүлөт. Баяндамалар 15 адамга чейинки топ менен белгиленген график боюнча, мастер-класстар 6-10 адамга чейинки чакан топтор менен өткөрүлөт.