Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы санаторий капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 3240 чарчы метрди түзгөн дарылоо жайын жаңылоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Август айында башталган оңдоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалууда.