
Бүгүн, 28-октябрда президент
Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратынын
ачылышында маанилүү жаңылык менен бөлүштү.
Өлкө башчысы мурда мамлекет алтынды сактоодо кыйынчылыктарды тартып келгенин билдирип, эми жаңы кампалуу болгонун жарыялады.
"Мамлекет өзүнүн корун чет өлкөдө сактоого аргасыз болгон. Мындан ары Улуттук банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Мындан ары биз өз запастарыбызды ишенимдүү сактап гана тим болбостон, чет элдик өнөктөштөргө да ушундай кызматтарды көрсөтө алабыз. Мамлекеттин күчү анын алтын резерви же жер байлыгы менен гана чектелбейт, ал элдин ишениминде, мыйзамдын үстөмдүгүндө жана жөнөкөй адамдардын жашоо-турмушун жакшырта билүүдө. Улуттук банк – мына ушул баалуулуктардын күзөтчүсү болушу шарт”,- деп белгиледи Жапаров.