31-декабрдан 7-январга чейин Жаңы жылдык эс алуу күнү болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөт үйүнөн кабарлашты. Эгер көрсөтүлгөн даталар эс алуу күн катары Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса, анда 29-декабрь иш күнү болуп, 31-декабрь эс алуу күнү болот. Ал эми 2013-жылдын январь айынан баштап ар бир ишемби иш күн катары кабыл алынат.