Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы өспүрүмдүн автоунаа айдап жүргөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, 20-октябрда социалдык тармактарда жаш өспүрүм бала Hyundai Palisade үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн видео тараган.
Бул боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүм аныкталды. Ата-энесине автоунааны башкарууга уруксат бергени үчүн тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Балдарыңызга автоунаанын ачкычын бербеңиздер", -деп айтылат билдирүүдө.