Биз социалдык тармакта

Токторбаев Оштогу коомдук жайлардын аталышын кыргызча жазууну талап кылды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы кафе-ресторан, коомдук тамактануучу жай жана башка коммерциялык объекттердин аталышы милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жазылышы керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда шаардык мэриядан билдиришти.

"Шаардагы кафе-ресторан, ишканалардын аттары англисче, латынча, арабча, өзбекче, кытайча жазылып калыптыр. Баарын алып, кыргызча жазып коюшсун. Биздеги тил комиссиясына тапшырма берилсин", - деди Токторбаев.

Токторбаев бул талапка жооп бербеген жайлардын ээлерине 10-ноябрга чейин убакыт берди.

Токторбаев Оштогу коомдук жайлардын аталышын кыргызча жазууну талап кылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-10-29 01:00:00
Туура айтат, Кыргыздын нанын суусун ичип жаткан соң коомдук жайларда Кыргыз тилинде жазылышы абзел
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан