Бишкекте ЖЭБдин жанында болгон үрөй учурган жол кырсыгынан эки жаш өспүрүм каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Окуя 28-октябрга караган түнү 04:00 чамасында болду. Анда 2008-жылы туулган өспүрүм С.Б. Toyota Sienna унаасын айдап Шабдан Баатыр проспектинде бара жаткан. Ал унаасын башкара албай ЖЭБдин жанындагы электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаадагы 2008-жылы туулган З.Н. жана 2007-жылы туулган А.Н. окуя болгон жерде каза болду. Айдоочу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Маалыматтарга караганда, өспүрүм унааны үйдөн ата-энесинин уруксатысыз айдап чыккан.
Учурда жол кырсыгы боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.