Месси 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышкысы келерин жарыялады

Аргентинанын улуттук курама командасынын жана "Интер Майами" клубунун чабуулчусу Лионель Месси 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда ойногусу келерин билдирди.

"Мен ал жерде болуп, улуттук командага жардам бергим келет. Кийинки жылы "Интер Майами" менен сезон алдындагы машыгууну баштаганда күн сайын даярдыгыма баа берип турам. Командага пайдалуу боло аларымды көрүшүм керек. Анан чечим кабыл алам",- деп билдирди ал.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалдык турнири ошол жылдын июнь жана июль айларында АКШда, Канадада жана Мексикада өтөт. Финал 19-июлга белгиленген. Аргентина учурдагы Дүйнө чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан