АКШнын Миссисипи штатында кечээ, 28-октябрда жол кырсыгынан кийин лабораториялык макака-резус маймылдары качып кетишкен. Бул тууралуу The Guardian жазды.
Полициянын маалыматына караганда, маймылдар Тулейн университетинен ташылып келе жаткан, илимий изилдөөлөрдө колдонулган жана С гепатити, герпес жана COVID-19 вирусун жугузган жаныбарлар бологон.
Маймылдардын көбү жок кылынды, бирок бир маймыл эркиндикте. Атайын биологиялык коркунучтуу жаныбарларды жок кылуу менен алектенген компаниялар издөө иштерине тартылган. Полиция жергиликтүү тургундарды маймылга жакындабоого жана аны байкаса атайын кызматтарга дароо кабарлоого чакырды.