Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө жайынан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-октябрда саат 18:40 чамасында FAW үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол эрежесин бузуу менен кезекке турбастан, экинчи катарга чыгып айдаган. Мындан улам жүк ташуучу унаа жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулуп, айдоочусу мас абалда экени аныкталган.
Бул факт боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, тиешелүү документтери алынган. Эми айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат. Башкармалык жарыялаган видеодон айдоочунун "сыра менен кымыз ичкем" дегенин угууга болот.