Израилдин коргонуу күчтөрү Газа секторундагы атышууну токтотуу келишимин кайрадан сактоого өттү. Бул тууралуу өлкө армиясынын басма сөз кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, бул чечим саясий жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынган. Буга чейин Израил аскерлери палестиналыктардын ондогон объекттерине жана куралдуу топторунун позицияларына сокку урган.
Кошумчалангандай, операциянын жүрүшүндө палестиналык куралдуу күчтөрдүн 30га жакын башчылары жок кылынган.
Эске салсак, Израил ХАМАС атышууну токтотуу режимин бузду деп айыптап 28-октябрда кечинде Газа секторуна кайрадан сокку урган. Бирок ХАМАС бул айыптоолорду четке кагууда.